Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте 18 жаштагы жигит баңгизат сатууга шектелип кармалды

Бишкекте 18 жаштагы жигит баңгизат сатууга шектелип кармалды

Бишкекте 18 жаштагы жаран баңгизатын сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


“Милицияга Бишкек жана Ош шаарларында баңгизат тараткан жаран боюнча материал келип түшкөн. Кызматкерлер шектүүнүн аты-жөнүн аныктап, аны кармашкан. Борбор калаанын 18 жаштагы тургунунан 1 килограмм 342 грамм марихуана алынды», - деп айтылат маалыматта.


Аталган факты боюнча баңгизатты мыйзамсыз даярдоо жана сатуу беренеси менен кылмыш иши ачылган.


Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн