Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда эртең, 19-мартта түнкүсүн жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19,
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 17…19 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн