Бишкекте 19-майда өтө турган One Run жарым марафонуна эки миңдей адам катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал күнү Россия, Беларусь, Тажикстан, Кытай жана Өзбекстанда да ушундай эле жарыш пландалган.
Спорт сүйүүчүлөр үчүн 5, 10 жана 21,1 чакырымдык аралык каралган. Ошондой эле кичинекей балдар да бир чакырымга чуркашат.
Ал эми маршрут шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу өтөрү белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн