Бишкекте 2 жашар бөбөктү унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-октябрда 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн унаа токтотуучу жайында орун алган.
Аныкталгандай, 27-октябрда саат 21:30 чамасында "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 2000-жылы туулган Н.Р. жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүп жатып, жолдун четинде бара жаткан 2 жашар М.А. аттуу баланы байкабай калып, сүзүп кеткен.
Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулду. Унаанын айдоочусу наркологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп, бөбөккө соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Балага баш мээсинин жабык жаракаты, баш мээнин чайкалышы жана бетинин сол жагы сүрүлгөн деген диагноз коюлган.
Бул факты боюнча иликтөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн