Баш калаанын бир нече районундагы айрым мектептердеги класстар COVID-19 вирусунан улам карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Жалпы он мектепте жыйырмага чукул класс карантинге жабылганы маалым болду.
Коронавирусту жайылтпоо максатында мектептердеги класстарда бул оору аныкталса Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бекиткен алгоритмге ылайык класстар жапырт карантинге жабылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн