Бишкекте каршы тилкеге чыгып, кооптуу абал жараткан 212-автобустун айдоочусуна 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Жол эрежесин одоно бузган айдоочуну айыпка Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жыккан.
"Айдоочунун мындан ары каттамда иштээр-иштебеси азырынча белгисиз. Бул маселени Бишкек мэриясынын тартиптик комиссиясы карап жатат", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн