Бишкекте 22 окуучу коронавирус жуктуруп алган. Бу тууралуу Эльмира Иманалиева 9-апрелде өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, 8 мугалим ооруну жуктурганы аныкталган.
"Алынган анализдердин жыйынтыгы боюнча 22 окуучу жана 8 мугалим коронавирус илдетин жуктуруп алганы аныкталды. 4 мугалим жана 2 окуучу пневмония менен ооруганы белгилүү болду. 3874 окуучу сасык тумоо ооруп жатат.
Буга байланыштуу 6 мектептин 9 классы онлайн форматта окуп жатат",- деди Иманалиева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн