Теке 05, 2024
Убакыт: 23:33
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Бишкекте 22 жаштагы кызды никеге туруу максатында ала качкан жаран кармалды

21.04.2022 14:23
1060
Бишкекте 22 жаштагы кызды никеге туруу максатында ала качкан жаран кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, 17-апрелде милицияга Коммунаров көчөсүндөгү тигүү цехинин жанынан кызды уурдап кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Анда чала тааныш жигит 22 жаштагы Т.З аттуу жаранды ала качып кеткени аныкталган. Шектүү кызды Хонда S-MX унаасы менен белгисиз тарапка алып кеткен.


Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин ("Никеге туруу максатында адамды ала качуу") боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалды.


Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн