Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте 25-апрелден тарта карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт

24.04.2024 12:49
121
Бишкекте 25-апрелден тарта карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт


Бишкекте 25-апрелден тарта карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт.

Бишкек электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, учурда 5,1 миңден ашык тиричилик абоненттеринин карызы бар.

Керектөөчүлөр өздүк эсеби тууралуу маалыматты компаниянын сайтындагы “Абоненттин балансы” рубрикасынан же болбосо “Мой свет” тиркемесинен ала алат. Ошондой эле абоненттер өз балансын күнү-түнү иштеген колл-борборуна төмөнкү номерлерге чалып биле алат:

  • 1209;
  • 105;
  • 0772/0702/0556 00 12 09;

же 0556 00 12 09 WhatsApp номерине билдирүү жөнөтүүгө болот.

Электр энергиясы үчүн төлөмдөр атайын кассалардан сырткары:

  • “Quickpay”, “Pay24”, “UMAI”, “KICB”, “MSТС” (Касса-24), “Megacom”, “О!”, “Оңой” төлөм терминалдарында,
  • “О!”, “MegaPay”, “UMAI”, “Элсом” электрондук капчыктарында,
  • “РСК Банк”, “Керемет Банк”, “Дос Кредо Банк”, “Бакай Банк”, “Кыргызстан”, “Халык Банк”, “КICВ Банка”, “Оптима Банктын” “Кыргызпочтасы” ишканасынын кассаларында кабыл алынат.

Бишкек электр тармактар ​​ишканасы абоненттерди ыңгайсыздыктар болбоосу үчүн электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү кечиктирбестен өз убагында төлөөгө чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн