Бишкек шаарында 25-майдан тарта 11 каттам боюнча троллейбустар менен автобустар линияга чыгат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баардык 11 каттам боюнча 110 троллейбус жана 11 маршрут боюнча 112 автобус ишин жандантат. Бир гана №9 автобус ишин жандантпайт. Ал эми автобустардын саны акырындык менен көбөйтүлөт.
Эске салсак, буга чейин ишин жанданта турчу коомдук транспорттор кандай шартта иштери айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн