Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте 3 оорукана коронавирус менен жабыркаган бейтаптарды кабыл алууда

22.06.2020 12:40
1117
Бишкекте 3 оорукана коронавирус менен жабыркаган бейтаптарды кабыл алууда


Бишкек шаарында 3 оорукана коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алып жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июндагы онлайн брифингде билдирди. 


Анын айтымында, бейтаптарды республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасы, кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы жана шаардык №6 клиникалык ооруканасы кабыл алууда. 


Мындан тышкары, коронавирус инфекциясы жок, бирок пневмония оорусу бар бейтаптарга өзүнчө орундар даярдалган. Улуттук фтизиатрия борборунда 38, Темир жол ооруканасында 30, Улуттук госпиталда 120 орун даярдалган. 


"Акыркы убакта коронавирус аныкталбаган, бирок пневмания оорусу менен жабыркаган бейтаптар көп кайрылып жатышат", - деди ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн