Бугу 06, 2024
Убакыт: 10:15
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте 30дан ашуун үй тибиндеги бала бакча ачылды

22.06.2023 12:33
513
Бишкекте 30дан ашуун үй тибиндеги бала бакча ачылды


Бүгүнкү күндө Бишкекте 30дан ашуун үй тибиндеги бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, күн мурун Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын жетекчилиги алдында “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруучу жумушчу топтун кезектеги отуруму өтүп, анда аталган программанын алкагында түзүлүп жаткан үй тибиндеги бала бакчалардын билим берүү контентине, анын сапатына тийиштүү көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

“Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө тийиштүү методологиялык материалдар жеткиликтүү болушу кажет жана алар "Билимдүү муун" онлайн платформасында жана башка мобилдик тиркемелерде кеңири жайгаштырылуусу тийиш. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин сан жагына гана эмес, сапаттык жагына да тийиштүү көнүл буруу керек”, - деди Чынбаева.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө борбордогу пилоттук райондордо үй тибиндеги 31 бала бакча ачылган. Кыска мөөнөттүү окуудан өткөн 459 адамга мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө сертификат берилген. Ал эми 149 адам аталган багытта жеке ишкер катары Мамлекеттик салык кызматында каттоодон өттү.

Мындан тышкары, жыйында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө сертификат алган жактарды жана ал кызматтан пайдаланчу 1-6 жаштагы балдарды медициналык кароодон өткөрүү алгоритмдери каралды.

Белгилей кетсек, үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылууда.

Учурда жеке жактардан “Жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтары” башталгыч курсуна арыздар кабыл алынууда.

Кызыккан жактардан төмөнкү шилтеме боюнча кайрыла алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн