А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өзгөчө үлгүдөгү сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Орто билим боюнча документти Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров тапшырды.
Белгилей кетсек, республика боюнча жалпысынан 80 окуучу өзгөчө үлгүдөгү «Алтын тамга» сертификатын алышты, алардын 40%ы Бишкек шаарында.
Жалпысынан 2022-жылы муниципалдык мектептердин 11-классын 8263 бүтүрүүчү бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн