Бишкекте 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Бишкек шаардык милициясына 4-апрелде 102 кызматына 33 жаштагы А.Р. аттуу жарандын өлүмү боюнча маалымат түшкөн.
Жерине Биринчи май райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу барып, аталган факт тастыкталган
Райондук милициянын Тергөө кызматынан тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелип 33 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалды.
Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн