Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте 360 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

28.09.2022 11:45
511
Бишкекте 360 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Бишкектеги №76 орто мектептин ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.




Акылбек Жапаров республика боюнча авариялык абалда турган 245 мектептин экөө Бишкекте жайгашкандыгын билдирди. 


“Кечээ салтанаттуу түрдө №75 мектеп-лицейин ачкан болсок, бүгүн имараты 90 жыл мурун курулган №76 мектепке кезек келди. Бул окуучулар жана мугалимдер үчүн гана эмес, биз үчүн да чоң кубаныч. Мындан ары да сиздердин ишиңиздерге ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз”, - деди Министрлер Кабинетинин төрагасы. 


Белгилей кетсек, 2018-жылы №76 мектеп пайдаланууга жараксыз деп табылган. Буга байланыштуу билим берүү мекемеси капиталдык ремонттон гана эмес, конструкциялык бекемдөөдөн да өткөрүлгөн. Реконструкциялангандан кийин мектеп 360 окуучуга ылайыкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн