Баш оона 22, 2025
Убакыт: 04:21
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Бишкекте 4 күндүзгү стационар иштеп жатат. Алардын даректери

06.07.2020 12:18
1463
Бишкекте 4 күндүзгү стационар иштеп жатат. Алардын даректери


Бишкек шаарында 4 күндүзгү стационарлар иштеп жатат. Аларга кайрылган жарандарга кеп-кеңештер берилүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев 6-июлдагы брифингде билдирди. 

Анын айтымында, Биринчи май районундагы күндүзгү стационарга эң көп жарандар кайрылган. 

Күндүзгү стационарлар төмөнкү даректерде жайгашкан:

1. Ленин району – Арча-Бешик конушундагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси (90 орун);

2. Биринчи май району – Спорт ордосу (150 орун);

3. Свердлов району – Р. Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси (150 орун);

4. Октябрь району – Түштүк магистралындагы чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (140 орун).

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Замира
Врачтарга тамак аш фрукты суусундук кантип жеткирсе болот. Октябрьский району боюнча