Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирди.
Анын айтымында, 20-апрелге карата коронавирустук инфекция 45 окуучудан табылып, алардын бирөөсү пневмонияга кабылган.
"Ошондой эле мугалимдердин арасынан оору жуккан 24 учур катталды, алардын алтысынан пневмония аныкталды. Жалпысынан 3 миң 746 мектеп окуучусу КРВИ менен ооруп жатат”, - деп билдирди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн