Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте 47-колониянын ордуна жаңы шаарча куруу сунушталды

23.06.2021 15:53
1300
Бишкекте 47-колониянын ордуна жаңы шаарча куруу сунушталды

Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү мекемесинин 8,5 гектар жерине жаңы шаарча куруу планын карап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров билдирди.


Анын айтымында, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат аталган жер тилкени 486 миллион сомго баалаган.


Жапаров буга байланыштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнө сунуш берди.


ЖАМК “эгер 486 миллион сом таап берсеңер шаардан чыгып кетебиз” деп жатышат. №47 түзөтүү мекемесинин 8,5 гектар жерине “Бишкек сити” аймагын курбайлыбы. Президенттин “керек болсо Италиядан архитектор чакырып, акчасын төлөп бергиле” деген тапшырмасы бар. “Бишкек ситиден” тышкары шаарда 40 гектар жер даярдалып жатат. Ал кайсы жер экенин кийинчерек айтайын. Комплекстүү иштерди аткаралы”, - деди Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн