Бишкек шаарында 48 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамды Свердлов районунда - 13 857, Биринчи Май районунда - 12 667, Октябрь районунда - 8 135 жана Ленин районунда - 13 211 аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жана пенсия курагындагы үй-бүлөлөр алган.
Ошондой эле, “Ала-Арча”, “ТЭЦ-2”, “Жер Ынтымак”, “Селекция”, “Ак- Ордо-2”, “Ак - Ордо“, “Ак Жар” жана “Адилет” конушундагы 3 миң үй-бүлө жардам көрсөтүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн