Кулжа 22, 2024
Убакыт: 02:01
USD
86.70
87.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.940
1.020

Бишкекте 5 автобус айдоочусу каттамдан четтетилди

11.05.2024 13:08
155
Бишкекте 5 автобус айдоочусу каттамдан четтетилди


Бишкекте коомдук транспорттун кан басымы жогору болгон 5 айдоочусу каттамдан четтетилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттун айдоочуларын текшерүүгө алды.

Текшерүү учурунда эч кандай лицензиясы жок каттамга чыгып жүргөн жана техникалык талаптарга жооп бербеген коомдук транспорттор аныкталып, автобекеттин жетекчисине 35 миң сом айып салынды.

“Айдоочуларды каттамга чыгуунун алдында наркология бөлүмүнөн текшергенде 5 айдоочунун кан басымы жогору экендиги аныыталды. Алар коопсуздук үчүн убактылуу каттамга чыгуудан четтетилди”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн