Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 23:27:22
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Бишкекте 6 ресторанга айып пул салынды (тизме)

21.06.2021 08:42
1620
Бишкекте 6 ресторанга айып пул салынды (тизме)


19-июнда кечинде Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тамактануучу жайлардагы санитардык нормаларды текшерүү үчүн рейд жүргүзгөн.

Маалыматка ылайык, текшерүүлөрдүн натыйжасында 6 протокол түзүлгөн:

- «Соң-Көл» ресторанына,

- «Аксарай Сити Холл» ресторанына,

- «Президент Сити Холл» ресторанына,

- «Тумар» ресторанына,

- «Чарпая» чайханасына,

- «Бархат» чайханасына.

Жогорудагылардын баарына 3000 сомдон айып салынган. «Бархат» чайханасы саат 23:00дөн кийин иштеген болсо, калгандары санитардык нормаларды сакташкан эмес.


Бардыгы болуп 56 мекеме текшерилген. Алар:

- Октябрь районунда — 15

- Свердловск районунда — 13

- Биринчи май районунда — 16

- Ленин районунда — 12.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нуртк
3000 сом ото коп эмеспи? Байкуштарга жаман болуптур