Бишкек шаарындагы №60 орто билим берүү мекемесинин директору Дайров Малик Мутагарович кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 28-августта билдирди.
Маалыматка караганда, ал өз каалоосу менен кызматынан кетүү боюнча жазган арызынын негизинде Эмгек Кодексинин 82-беренесине ылайык бошотулду.
Тиешелүү буйрукка мэриянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эльмира Иманалиева кол койду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн