Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:19
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бишкекте 61 мектептин директору 5 жылдан ашык иштеген

16.08.2022 09:48
376
Бишкекте 61 мектептин директору 5 жылдан ашык иштеген

Борбор калаада мектеп директорлук кызматына 61 бош орун бар


Бүгүнкү күндө борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна Бишкек шаары боюнча 61 бош орун бар. Сынакты өткөрүү тартибине ылайык, бардык бош орундар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сынак үчүн тапшырылды.


Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы №224 “Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 14-июлундагы №1426/1 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө” буйругу менен өткөрүлгөн мониторингге ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 61 директору 5 жылдан ашык кызматтарды ээлеген.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 15-августундагы №1552/1 буйругуна ылайык, Бишкек шаары мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынакка документтерди кабыл алууну жарыялады. 


Ошондой эле, мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 14-июлундагы №1426/1 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жөнүндө” буйругу менен жөнгө салынаарын эскертебиз.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн