Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 13:25
USD
85.65
86.15
EUR
93.20
94.20
RUB
0.880
0.915

Бишкекте 63 жаштагы киши 58 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелүүдө

16.05.2022 16:45
1082
Бишкекте 63 жаштагы киши 58 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелүүдө

Бишкекте 58 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, 14-майда саат 10:52лер чамасында "102" кызматына Урицкий көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде 63 жаштагы Д.И. аттуу аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.


Ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, шектүү катары 58 жаштагы Г.Б. аттуу жаран кармалган. Ал тергөө кызматына өткөрүлгөн.


Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн