Баш оона 22, 2025
Убакыт: 11:15
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Бишкекте 7-класстын окуучусу хайп үчүн мектепте теракт жасарын билдирген

14.10.2022 11:44
520
Бишкекте 7-класстын окуучусу хайп үчүн мектепте теракт жасарын билдирген

Милиция кызматкерлери тарабынан хайп үчүн Бишкектеги №49 мектепке массалык теракт жасоону убадалаган кайрылуусун социалдык тармакка жарыялаган борбордогу мектептердин биринин 7-классынын окуучусу аныкталды.


“Кабар” агенттигине Биринчи май райондук милициясынан билдиришкендей, билдирүүсүндө өспүрүм бычагы, Макаров маркасындагы тапанчасы жана 34 даана түтүк бомбасы бар экенин айткан. “Мен баарын өлтүрөм”, - деп жазган окуучу.


Аталган факт Бишкек шаардык Биринчи май райондук милициясына каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.


“Окуучу бул кылыгын жаңы катталуучуларды тартуу жана хайп жасоо үчүн жасаганын билдирген”, - деп айтылат милициянын маалыматында.


Азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн