Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 14:50
USD
86.80
87.30
EUR
99.70
100.70
RUB
1.055
1.095

Бишкекте 7-класстын окуучусу сабак учурунда көз жумду

Бишкекте 7-класстын окуучусу сабак учурунда көз жумду


Бишкектеги №31 мектепте 7-класстын окуучусу көз жумганын Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, сабак учурунда 7-класстын эки окуучусу ортосунда чыр чыгып, 14 жаштагы бала 15 жаштагы кызды чаап жиберген. Натыйжада кыз эсин жоготкон.


"Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, дарыгерлер келгенде кыздын үзүлгөнүн тастыкташкан", — деп жазылат кабарда.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык жагдайлар аныкталып, ар тараптуу юридикалык баа берилери кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн