7-октярбрга карата Мамлекеттик каттоо кызматы акырындап ишин калыбына келитирүүдө. Бул тууралуу МККнын басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек шаарына караштуу калкты тейлөө кызматтары, мамлекеттик архив бөлүмдөрү ишин жандандыра элек. Калкты тейлөө кызматтарынын жалаң даяр паспортторду берүү бөлүмдөрү гана иштеп жатканы кабарланды.
“Мамлекеттик мекемелерди ар кандай мыйзамсыз талап-тоноолордон сактоо жана коргоо үчүн түзүлгөн ыктыярдуу топтор күнү-түнү белгиленген режимде иштеп жатат” деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик кызматтардын иштөөсү боюнча маалыматты 119 кыска номери аркылуу билсеңиз болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн