Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте 8-октябрда жалпы ишембилик өтөт

06.10.2022 09:58
408
Бишкекте 8-октябрда жалпы ишембилик өтөт


Бишкекте 8-октябрда масштабдуу ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэрия бардык шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат.

“Урматтуу шаар тургундары. Айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталат. Четте калбай, жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 17-сентябрга белгиленген жалпы республикалык ишембилик кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу токтотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн