Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы жана салык кызматтарынын ишин жогору баалап, алардын планды ашыгы менен аткарып жаткандыгын белгиледи. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, минкаб төрагасы бул жетишкендик үчүн кызматкерлерге өзүнүн жеке ыраазычылыгын билдирди.
"Учурда Бажы кызматында чоң реформалар жүрүп жатат. Анын негизги багыты — санариптештирүү жана ишкерлер үчүн шарттарды жеңилдетүү. Бир апта мурда QR-код аркылуу төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эми, ишкерлер кезек күтпөстөн эле QR-код аркылуу онлайн түрдө төлөй алышат. Бул система иштей баштагандан бери 1 жума ичинде 40 миллион сомдон ашык төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлгөн. Бул ишкерлер үчүн убакытты үнөмдөөгө жана жумушту ыкчам аткарууга шарт түздү",-деген ал.
Орунбеков ошондой эле санариптештирүүнүн натыйжасында бажы өткөрүү пунктарында дагы жеткишкендиктер бар экенин кошумчалады.
"Мисалы, Эркечтамдын импорт багытында унааларды өткөрүү жөндөмдүүлү суткасына 150-160 болсо, реформалардан кийин суткасына 500дөн ашык унааларды өткөрүү жөндөмүнө жетише алды. Мындай шарттар дагы бажы төлөмдөрүнүн көп чогулушуна негизги себептеринин бири",-деди Орунбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн