Бугу 06, 2024
Убакыт: 12:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте 8 өспүрүм кыз көз жарды

08.08.2022 11:33
478
Бишкекте 8 өспүрүм кыз көз жарды

Жыл башынан бери Бишкек шаарында кош бойлуу 20 өспүрүм каттоого алынып, анын ичинен сегизи көз жарган. Бул тууралуу Биринчи май райондук администрациясынан билдирди.


Биринчи май акимчилигинде кылмыштуулуктун алдын алуу жана оор турмуштук кырдаалдагы балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча Координациялык кеңештин пландык жыйыны өттү.


“2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча кош бойлуу 20 өспүрүм Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттоого туруп, анын ичинен сегизи төрөгөн. Азыркы учурда 12 өспүрүм дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Биринчи май районунда 4 кыз каттоого алынган”, - деп айтылат маалыматта.


Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Биринчи май райондук милициясы тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган 40 кылмыш катталып, анын 25и сотко жөнөтүлүп, 8и токтотулуп, 7 кылмыш иши кароодо.


240ка жакын бала профилактикалык каттоодо турат, алардын 45и начар үй-бүлөлөрдөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн