Бишкек шаарында бүгүн, 22-апрелден тарта жаңы №80 муниципалдык автобус каттай баштайт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, маршрут 12-кичи райондон келечектеги Ак-Кула ипподромуна чейин каттап, борбор калаанын 40тан ашык аялдамасын камтыйт.
Жаңы каттам Фрунзе, Токомбаев, Ахунбаев, Байтик баатыр, Сүйүмбаев жана Сүйөркулов көчөлөрү менен жүрөт.
Белгилей кетсек, каттамды Zhongtong жана Golden Dragon автобустары аткарат жана интервал 10-15 мүнөттү түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн