Бишкекте "Тынчтык" конушунун тургундарынын өтүнүчү менен №9 автобустун каттам схемасы өзгөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, мэр Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Натыйжада элдин көйгөйүн эске алуу менен коомдук транспорт түзүп берүүнү тапшырган.
Бүгүн транспорт бөлүмү кабарлагандай, эми аталган автобус "Тынчтык" конушунан Дордой базарына каттай баштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн