Бишкек шаарында Улуу Жеңиш майрамынын 75 жылдыгына карата салют атылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жеңиш салюту 9-май күнү саат 22:00дө Ала-Тоо аянтында Куралдуу күчтөр башкы штабы тарабынан атылат.
Ал эми мэрия тарабынан быйлкы майрамга каралган 2,5 миллион сом иш-чара өтпөй калганына байланыштуу башка муктаждыктарга жумшалары айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн