Бишкек шаарынын аймагында Саламаттыкты сактоо министрилигинин 90 жана күч түзүмдөрүнүн 43 кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу 23-майдагы брифингде борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.
“Бишкек шаары боюнча жалпы 348 адам коронавирус жуктуруп алган. Алар 727 жаран менен байланышта болгон. Учурда 307 адам көзөмөлдө турат. Ал эми илдетти жукттургандардын 90ну Саламаттыкты сактоо министрлигинин, 43ү Ички иштер министрлигинин кызматкерлери. Бүгүнкү күндө 246 адам айыгып чыкты. Жалпы борбор калаа боюнча 18 810 адамдын анализи изилденди”, - деди Суракматов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн