Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Бишкекте 90 миң куту контрафакттык сагыз аныкталды

08.08.2024 11:35
348
Бишкекте 90 миң куту контрафакттык сагыз аныкталды


Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө өндүрүлүшү шек жараткан сагыз кутуларын тартып алышты.

Ведомсводон билдиришкендей, Бишкек шаарындагы базарлардын биринде мыйзамсыз жүгүртүүдөн өндүрүлүшү белгисиз 90 миң куту "ORBIT" сагызы тартылып алынды.

Учурда тартылып алынган продукциянын аныктыгына тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Контрафакт тастыкталган учурда материалдар аны конфискациялоо жана андан ары жок кылуу үчүн сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар "ORBIT" сагызынын товардык белгисине укук ээлеринин укуктарын бузууларга бөгөт коюу максатында өткөрүлгөн.

Салык кызматы республиканын аймагында эсепке алынбаган жана контрафакттык товарларды аныктоо боюнча активдүү иштерди улантат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн