Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө

07.11.2023 11:17
269
Бишкекте Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө


Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлер катышууда.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров быйыл “Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү" жарлыкка кол койгон. Мындан улам өлкөнүн аймактарында улуу инсандын 90 жылдыгына карата иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп жатат.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулган.

Ал СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты. "Манас II", эки жолу "Эмгек Кызыл-Туу" ордендери менен сыйланган.

2004-жылдын 31-июлунда 71 жашында дүйнөдөн кайткан. Маркумдун сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн