Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте Афроамерикалык Жорж Флойдду колдогон митинг өтөт

09.06.2020 14:34
987
Бишкекте Афроамерикалык Жорж Флойдду колдогон митинг өтөт


Эртең, 10-июнда Бишкекте АКШда полициянын кыйноосунан кийин каза болгон Жорж Флойдду колдоо митинги өтөт. Бул тууралуу активисттер айтып чыкты.


Маалыматка ылайык, акция Максим Горький атындагы паркта саат 11:00дө башталып, чогулгандар Жорж Флойдду эскеришет.


Эске салсак, АКШнын Миннеаполис шаарынын полиция кызматкерлеринин бири 25-майда Жорж Флойдду кармаган учурда мойнун тизеси менен дем жеткирбей 8 мүнөт 46 секунда басып турган. Кармалган адам бир нече жолу дем ала албай жатканын айтканы менен полиция кызматкери өтүнүчүн четке кагып, бутун албай койгон. Кийинчерек Флойд жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аматов Руслан
Байкуш Кыргызстан учун чуркап журуп каза болгон турбайбы. Кыргыз дегенде тобосу менен тик турган жигит окшойт.