Бугу 01, 2024
Убакыт: 13:33
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Бишкекте “Алай” чайканасына 17 миң сом айып салынды

18.04.2024 10:32
184
Бишкекте “Алай” чайканасына 17 миң сом айып салынды


Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Алтымышев көчөсү, 57 дарегинде жайгашкан «Алай» чайканасына айып салды

Муниципалитеттен билдиришкендей, инспекторлор кафенин администрациясына көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протокол жазып беришти. Айыппул 17 000 сомду түздү.

Белгилесек, «Алай» чайканасынын кызматкери Левоневский жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун четине, көк майсанга таштанды ыргыткан.

Администрация көрктөндүрүү эрежелерин бузганын мойнуна алды. Протокол түзүлгөндөн кийин таштандылар тазаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн