Бугу 02, 2024
Убакыт: 02:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Бишкекте «Алымбек Датка» коомдук кайрымдуулук фондунун ачылуу аземи өттү

15.12.2023 09:21
197
Бишкекте «Алымбек Датка» коомдук кайрымдуулук фондунун ачылуу аземи өттү


Күн мурун Кыргыз улуттук тарых музейинде "Асан бий уулу Алымбек Датка" коомдук кайрымдуулук фондунун ачылуу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Эл баатырлары Медеткан Шеримкулов, Миталип Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, тарыхчылар жана Алымбек Датканын урпактары, фонддун мүчөлөрү катышты.

Министр Алтынбек Максутов өз сөзүндө Алымбек Датканын тарыхтагы барандуу ордун белгилеп: "Бүгүнкү түзүлүп жаткан коомдук фонд алдыда чоң иштерди жасайт деп ишенем, министрлик өз компетенциясынын чегинде фонддун ишине көмөктөшүүгө жана бирге иштешүүгө даяр экендигибизди каалоо менен бирге, фондун алдыдагы иши ийгиликтүү болушуна тилектешмин", - деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Алымбек Датка тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын манасчы, акындары тарабынан даярдалган чакан маданий программа тартууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн