Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте AstraZeneca вакцинасын кайсы жерлерден алууга болот?

Бишкекте AstraZeneca вакцинасын кайсы жерлерден алууга болот?



 22-июлдан баштап COVID-19 га каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө башталды. 


 Бул вакцинаны Бишкек шаарындагы №2,3,5,7,15 Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан жана студенттердин эмканасынан алууга болот.  

 Эмдөөнү жашы 18 жаштан жогору каалаган жарандар эки доза менен ала алышат. Биринчи менен экинчи дозаны алуу убактысы 4-12 күндү түзөт. 


 Региондордо AstraZeneca вакцинасын алдыдагы жумадан баштап алууга болот, учурда вакцинаны жеткирүү иштери жүрүп жатат.


 Региондор боюнча бөлүштүрүү планы: 


 Бишкек ш.– 10 миң доза;

 Ош ш.– 2 миң;

 Чүй облусу – 10 миң;

 Жалал-Абад облусу – 4 миң;

 Ысык-Көл облусу – 4 миң;

 Нарын облусу – 2 миң;

 Талас облусу – 2 миң;

 Баткен облусу – 2 миң;

 Ош облусу – 4 миң.


 Эскерте кетсек, 16-июль күнү Азербайджан Республикасы AstraZeneca вакцинасынын (AZD1222) 40 миң дозасын (20 миң адамга) гуманитардык жардам катары берген. 


AstraZeneca – бул моноваленттүү вакцина, аны швед-британиялык фармацевтикалык каражаттарды өндүрүүчү компания Оксфорд университети менен бирге кызматташып, иштеп чыккан.   


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн