Бишкек шаарынын Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларында өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлердин элесине арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, митинг-реквиемдин катышуучулары курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти жана Баткен жоокерлеринин эстелигине гүл коюшту.
Октябрь районунун башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов окуяга катышкан жана бүгүнкү күнгө чейин Ата Мекенге кызмат кылып жаткан аскер кызматкерлерине чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди:
Аскер госпиталынын полковниги Асанов Болотбек Асанович;
Полковник Карымбаев Алмазбек Калыевич;
Сержант Абдырахманов Талантбек Ажымаматович;
Сержант Аккулаков Нурбек Жапарсадыкович;
Катардагы жоокер Шашканов Азаматбек Таабалдыевич;
Катардагы жоокер Кусманбетов Алмазбек Асанович.
Белгилей кетсек, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда Баткен окуясынын 259 турат. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө республикалык бюджеттен ай сайын 1000 сомдон, квартал сайын жергиликтүү бюджеттен 3000 сомдон жөлөк пул төлөнүп турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн