Бүгүн, 19-январда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «МИНСК АВТОМОБИЛЬ ЗАВОД» ААКсынын "МАЗ 206946" үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобустун абалы менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча аталган автобус Бишкек шаарында 3 айлык сыноо мезгилинде жүрөт. Автобус майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлаштырылган.
Эскерте кетсек, бул автобус Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин Минск шаарына болгон жумушчу сапарындагы келишимдин негизинде алынып келинди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн