Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте Беларустун маданият күндөрү өтөт

13.06.2023 09:19
1394
Бишкекте Беларустун маданият күндөрү өтөт


Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү Бишкекте Беларусь Республикасынын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 13-июнда "Манас" кинотеатрында Беларусь киносу күндөрүнүн расмий ачылышы болуп, беларустук режиссерлордун кинотасмалары коюлат. Ал эми 14-июнда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Беларусь делегациясы менен Кыргызстандын маданият жана искусство окуу жайларынын өкүлдөрү жолугушат.


Ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында беларус артисттери гала-концерт беришет.


Министрлик жогоруда аталган иш-чаранын программасы дос өлкөнүн тарыхын, маданиятын жана музыкалык салтын кенен чагылдырарын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн