Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкекте Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги жол кеңейтилүүдө

16.08.2023 17:33
229
Бишкекте Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги жол кеңейтилүүдө


Бишкекте Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги жол кеңейтилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чүй проспектисинин жана Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түндүк-чыгыш тарабындагы асфальтын алуу боюнча жана жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө даярдык иштерин жүргүзүүдө.

"Бул иштердин алкагында аялдамалар комплекси жылдырылып, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке кошулат. Жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн жол белгилерин кайрадан куруу пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул чаралар кесилиштин өтүүсүн жакшыртат, тыгындарды азайтат жана аймактагы бардык жол кыймылынын катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн