Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте COVID-19 дартын жуктургандар жогорулап кетти, - Штаб

15.06.2020 08:59
1150
Бишкекте COVID-19 дартын жуктургандар жогорулап кетти, - Штаб


Акыркы кездерде Бишкек шаарынын тургундарынын арасында COVID-19 дартын жуктуруп алган учурлардын саны жогорулап жаткандыгы байкалууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгиленди.

Алардын маалыматында, күн сайын эпидемиологдор инфекция булагын аныктоо көйгөйүнө дуушар болууда.

«Ооруну жуктуруп алуу булагы аныкталбаган жактардын көпчүлүгү өзүнүн ооруп калгандыгын базарларга баруусу жана коомдук транспортто жүрүүсү менен байланыштырууда. Коомдук транспортту 60-70%дан ашык толтурбоо жана анда милдеттүү түрдө маска кийүү талабын мониторингдөө боюнча ишти күчөтүү зарыл. Анткени, коомдук транспортто социалдык обочолонууну сактоо кыйынчылыкка турат», - деп билдирди президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары – республикалык ыкчам штаб жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев.

Ошондой эле ал мындай шартта оору жугузуп алгандарды эртелеп аныктоо жана оору жугузуп алган адам менен тыгыз байланышта болгон жактарды өз учурунда изоляциялоого өзгөчө басым жасоо зарыл экендигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн