Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эмгек жамааты Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кызматкерлерине ыраазычылык катын тапшырышты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар Covid-19 вирустук инфекциясы менен күрөшүүдө бар күч аракетин жумшап, өз өмүрүн тобокелге салып, калктын саламаттыгына чоң жоопкерчилик менен кам көрүп жаткан үчүн сыйланышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн