Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте COVID-19 менен күрөшкөн медиктер менен куткаруучулар сыйланды

14.09.2020 14:46
880
Бишкекте COVID-19 менен күрөшкөн медиктер менен куткаруучулар сыйланды


Бишкек шаарынын Ленин районунда коронавирус менен күрөшүүгө салым кошкон медициналык кызматкерлер менен куткаруучулар сыйланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда,  Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ар бир кызматкерине, ӨКМ куткаруучуларына жана ыктыярчыларга пандемия учурунда көрсөткөн жардам үчүн терең ыраазычылык билдирди. Анда кызматкерлерге ыраазычылык каттар тапшырылды. 


Өлкөдө коронавирус оорусунун жайлышынын алгачкы күнүнөн тартып, Бишкекте дарыгерлер, эпидемиологдор, медайымдар, ӨКМ куткаруучулары жана ыктыярчылар өздөрүнүн өмүрүн, ден соолугун тобокелге салып, шаардыктардын өмүрү үчүн көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөшүштү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн