Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:31
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бишкекте COVID-19 менен ооруган жарандарды 11 стационар кабыл алууда (тизме)

20.10.2020 13:50
428
Бишкекте COVID-19 менен ооруган жарандарды 11 стационар кабыл алууда (тизме)

Бишкек шаарында COVID-19 жана этиологиясы белгисиз болгон пневмония менен ооруган жарандарды кабыл алуу үчүн кошумча орундуктар ачылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бүгүнкү күндө Бишкекте 11 стационар бейтаптарды кабыл алып жатат:

- Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы (РКЖОО) – 100 орун;

- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы (КТО) – 70 орун;

- №1 шаардык клиникалык ооруканасы (№1 ШКО) – 92 орун;

- Улуттук госпиталь (УГ) – 80 орун;

- Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) – 38 орун;

- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ) – 30 орун;

-  Улуттук онкология жана гематология (УОиГ) – 10 орун;

- Улуттук хирургия борбору (УХБ) – 15 орун;

-  Улуттук кардиология жана терапия борбору (УКжТБ) – 50 орун;

- Темир жол ооруканасы (ТЖО ) – 56 орун;

-  2 клиникалык төрөт үйү (КРД№2) – 20.

Жалпысынан борбор калаада 561 койко-орундук даярдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн