Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:47
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте COVID-19га чалдыккан 17 жашка чейинки балдарды дарылаган жай ачылат

Бишкекте COVID-19га чалдыккан 17 жашка чейинки балдарды дарылаган жай ачылат


Бишкекте коронавирус менен ооруп калган 17 жашка чейинки балдарды жаткыра турган 90 орундуу жай ачылат. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.


Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун 2-базасындагы курч респиратордук оору жана пневмонияга шектелип дарыланууга алынган балдарды көрүү үчүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев барган.


"Министр аталган базада коронавирус менен ооруп калган 17 жашка чейинки балдарды жаткыра турган 90 орундуу жай ачууга тапшырма берди. Мындай тартип менен аталган борбор бүгүндөн тарта иштей баштайт. Ал үчүн 90 койка даярдалып жатат", — деп айтылган маалыматта.


Эми COVID-19 диагнозу менен ооруган балдар аталган борборго жаткырылат. Жай Кыргызстанда эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин иштейт. Буга чейин коронавирус жана пневмонияга чалдыккан кичинекейлерди Жугуштуу илдеттер боюнча республикалык клиникалык ооруканада дарылап келишкен.


Эске салсак, Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордогу кардиоревматология жана аллергология бөлүмү борбордун 1-базасына (Жал кичи районуна кеткен аймактагы оорукана – ред.) которулуп, балдарды жаткыруу чектелген. Маалыматта ал жакка дарыгерлердин тез жардамына муктаж болгон кичинекей бейтаптар гана жаткырылары айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн