Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте Эгемендүүлүк күнү коомдук транспорт түнкү саат 2ге чейин иштейт

30.08.2024 21:34
238
Бишкекте Эгемендүүлүк күнү коомдук транспорт түнкү саат 2ге чейин иштейт


Бишкек шаарында 31-августта Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт.

Мэриянын маалыматына ылайык, майрамдык иш-чаралар түнкү саат экиге чейин уланат, буга байланыштуу борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт уюштурулат.

Ошентип, майрам күндөрү муниципалдык автобустар түнкү саат 02:00гө чейин каттайт.

Эскерте кетсек, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Эгемендүүлүк күнүнө карата төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр киргизилет:

  • Чүй проспектиси, Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Ибраимов көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, Ч.Айтматов жана Манас проспектилери жана Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн